Казакстандык компания Кыргызстанда трансформатор чыгаруучу завод курууга даяр

Загрузка... 29 Январь 2025 20:08
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев иш сапары менен Казакстанга барды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Министр иш сапарынын алкагында Борбор Азияда трансформатор чыгаруучу эң ири Alageum Electric компаниялар тобунун негиздөөчүсү Сайдулла Кожабаев менен жолугушту.

Жолугушуунун негизги максаты - Кыргызстандын энергетика министрлиги менен Alageum Electric компаниялар тобунун мындан ары кызматташуусуна жол ачуу болду. Кыргызстанда аталган компаниянын филиалы катары завод ачып, трансформаторлорду өндүрүп, андан арзан баада сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Alageum Electric компаниялар тобунун негиздөөчүсүнүн айтымында, алар Кыргызстанга завод ачууга жана КР Энергетика министрлиги менен кызматташууга даяр. Эгерде алдыгады коюлган пландар ийгиликтүү ишке ашырылса, анда заводду куруу иштери быйылкы жылы башталат.

Кызматташууну тереңдетүү максатында Энергетика министрлиги менен Alageum Electric компаниялар тобу ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Мындан тышкары, энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кентау трансформатор" заводунун директорлор кеңешинин төрагасы Кунтуаров Сергазы жана Asia Trafo заводунун төрагасы Руслан Токмурзин менен жолукту.

Анда энергетика министр заводдон өндүрүлгөн трансформаторлорду жеринен көрүп, заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Министр трансформатордун сапаты, кубаттуулугу тууралуу маалымат алып, энергетика тармагы боюнча кызматташуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Аталган завод менен кызматташуу энергетика тармагындагы жабдууларды жаңылоо өбөлгө түзөт.