Казакстандан ташылып келе жаткан 20 тонна эспарцет үрөнү артка кайтарылды

Коом Загрузка... 27 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Казакстандан ташылып келе жаткан 20 тонна эспарцет үрөнү артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин инспекторлору эспарцеттин үрөнүн Кыргызстандын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушун аныкташкан. 

Анда фитосанитардык сертификатта камтылган маалыматтар жүктүн маркировкасында көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегендиктен, карантинге алынуучу продукцияны кайтарып берүү жөнүндө акты түзүлүп, жүк Казакстанга кайра кайтарылган.