Адылбек Касымалиев Ага Хан Трастынын маданият боюнча башкы директору менен кызматташтыкты талкуулады

Министрлер кабинети 28 Январь 2025 22:20
6798da3c6c944-thumb.jpeg
6798da5e2d813-thumb.jpeg
6798da5e56e51-thumb.jpeg
6798da6e6d4bc-thumb.jpeg
6798da6e60482-thumb.jpeg
6798da6f2aaca-thumb.jpeg
6798da6f2c9a8-thumb.jpeg
6798da6f63f55-thumb.jpeg
6798da42e15c7-thumb.jpeg
6798da48b04cf-thumb.jpeg
6798da48c3b72-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6798da3c6c944-thumb.jpeg
6798da5e2d813-thumb.jpeg
6798da5e56e51-thumb.jpeg
6798da6e6d4bc-thumb.jpeg
6798da6e60482-thumb.jpeg
6798da6f2aaca-thumb.jpeg
6798da6f2c9a8-thumb.jpeg
6798da6f63f55-thumb.jpeg
6798da42e15c7-thumb.jpeg
6798da48b04cf-thumb.jpeg
6798da48c3b72-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ага Хан Трастынын маданият боюнча башкы директору Луис Монреал баштаган Ага Хан өнүктүрүү тармагынын өкүлдөрү менен жолукту. 

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Ага Хан фондунун ортосундагы 20 жылдан ашуун убакыттан бери жүргүзүлүп келе жаткан эки тараптуу кызматташуунун натыйжалуулугун белгилешип, мындан ары да билим берүүнү, саламаттыкты сактоону жана инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине токтолушту.  

Жолугушууда өзгөчө маданий мурастарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча комплекстүү мамилелердин жүргүзүлүп жатканы айтылып, анын ичинде маданий баалуулуктарды сактоо, изилдөө жана жайылтуу программалары калыптанганы белгиленди. 

Ага байланыштуу, жолугушуунун күн тартибине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп интернатынын имаратын жакшыртуу, тагыраагы Концерттик залын курууга багытталган долбоорду ишке ашыруу маселеси киргизилип, мындан аркы зарыл болгон иш-аракеттер талкууланды. 

Маалымат үчүн: Концерттик комплекске – 600 орундуу чоң концерттик зал, 200 орундуу чакан концерттик зал, музыкалык музей, музыка жана билим берүүнү өнүктүрүү боюнча ресурстук борбор, көнүгүү бөлмөлөрү, көргөзмө аянттары, жыйындар зал кирет.