Касымалиев: ЕАЭБ алкагындагы интеграция экономикалык өнүгүүнүн маанилүү куралы болууда

733 31 Январь 2025 18:02
679cac0fe183a.jpeg
679cac288dd1e.jpeg
679cac24c3dc0.jpeg
679cac226a0be.jpeg
679cac1f12e72.jpeg
679cac1b8bec9.jpeg
679cac188a467.jpeg
679cac14e8aaf.jpeg
679cac0c1e138.jpeg
679cac0fe105b.jpeg
679cac08b6fd2.jpeg
679cac08b1376.jpeg
Алдыга
Артка
679cac0fe183a.jpeg
679cac288dd1e.jpeg
679cac24c3dc0.jpeg
679cac226a0be.jpeg
679cac1f12e72.jpeg
679cac1b8bec9.jpeg
679cac188a467.jpeg
679cac14e8aaf.jpeg
679cac0c1e138.jpeg
679cac0fe105b.jpeg
679cac08b6fd2.jpeg
679cac08b1376.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы интеграция тышкы кыйроонун кесепеттерин жеңилдетүүчү гана эмес, өсүү жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү маанилүү инструмент болуп калууда.  Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири курамдагы жыйынында сүйлөп жатып билдирди. 

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өзгөчө датанын – Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын алдында, ошондой эле ЕАЭБ өлкөсүнүн иштеринин айкалышуусунун жана Биримдиктин өнүгүүсүнүн жаңы этабынын башталышынын юбилейлик 10 жылдыгынын кесилишинде өтүп жатат. Ал жаңы этап Биримдиктин глобалдык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү, ресурстарда гана эмес, инновациялык технологияларда да өзүн-өзү камсыздаган күчтүү экономикалык блокко айлана башташын шарттайт деп бекем ишенээрин айтты.

"Биздин өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүндө жана жыргалчылыгында маанилүү аспект болуп Евразиянын туруктуу транспорттук-логистикалык мейкиндигин калыптандыруу саналат. Интеграциялык процесстердин дагы бир маанилүү багыты туризмди өнүктүрүү. Эксперттердин пикири боюнча, авиаташууларга баалардын өсүшү жана туризм инфраструктурасынын сапатынын жетишсиздиги ЕАЭБде ички туризмди өнүктүрүүнүн динамикасына таасир этүүчү факторлордун бири болууда. Ошондуктан Бирликте ички туризмге дем берүүнүн мүмкүн болгон варианттарын талдап чыгуу жана ички туризмге дем берүү боюнча анык чараларды иштеп чыгуу зарыл"-деди ал.

 Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Евразиялык интеграциянын максаттарынын бири – ЕАЭБ ичинде эмгек ресурстарынын эркин жылышын камсыз кылуу үчүн түзүлгөн кызматтар чоң жетишкендик. Ушуга байланыштуу, биз мүчө мамлекеттер миграцияны жөнгө салуу боюнча улуттук деңгээлде кабыл алып жаткан чаралар практикалык планда биримдиктин бирдиктүү эмгек рыногунда тоскоолдуктарды түзбөшүн жактайбыз. Эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү Интеграция этабын аткаруу жана Бирликтин ичинде эмгек ресурстарынын эркин жылышын камсыз кылуу үчүн оптималдуу чечимдерди табуу зарыл", - деп сөзүн жыйынтыктады Адылбек Касымалиев

Белгилей кетсек ЕӨАКнын кийинки отуруму ушул жылдын август айында Кыргызстанда өтөт.