Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Бишкектин Кашка-Баш айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу толугу менен аяктады.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, жалпы аянты 8 миң чарчы метрден ашкан заманбап билим берүү мекемесинин курулушу февраль айында башталган. Бүгүнкү күндө жууп-тазалоо жана эмеректерди орнотуу иштери жүрүүдө.
Мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу жана ыңгайлуу шартта окуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Анын аймагында эки футбол талаасы, волейбол жана баскетбол үчүн көп багыттуу спорт аянтчалары, алты тилкелүү чуркоо жолу жана жашыл эс алуу зоналары уюштурулган.
Кашка-Баш айылында бул - 30 жылдан бери курулган алгачкы жаңы мектеп. Мектептин пайдаланууга берилиши айылдагы балдар үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу билим алуу шарттарын түзүүгө мүмкүндүк берет.