Дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин имамы Карим Ага-Хан IV каза болду

Дүйнө Загрузка... 05 Февраль 2025 11:30
aga-han.jpg
copyright icon www

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин имамы Карим Ага-Хан IV 4-февралда Португалиянын борбору Лиссабондо 88 жашында каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Ага Хан IV 20 жашында, 1957-жылдан бери чоң атасынын ордуна Исмаилит коомун жетектеп келген.

Белгилей кетсек, жаңы имам керээз аркылуу өзүнөн мурунку имам тарабынан дайындалат. Жаңы имамдын ысымы Карим Ага Хан IVнун керээзи окулгандан кийин жакынкы күндөрү белгилүү болору күтүлүүдө.

Эске салсак, Кыргызстанда Ага Хан фонду 2002-жылдан бери иштеп келет. Фонд ар кандай программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу менен, орто жана чакан бизнести каржылоо жана билим берүү, саламаттыкты сактоо жана айыл аймактарын өнүктүрүү чөйрөсүндө иш алып барат.