Караколдо жаш шахматчылар таймашып жатат

Спорт Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 12:00
WhatsApp Image 2026-08-04 at 09.43.48.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.08.26 /Кабар/. Каракол шаарында жаш шахматчылардын эл аралык таймашы өтүп жатат.

Мэриянын маалыматына ылайык, турнирге Кыргызстандын бардык аймактарынан, ошондой эле коңшу Казакстан жана Өзбекстандан келген 400дөн ашык жаш шахматчы катышууда.

Мелдеш мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдык мааракесине жана Улуу Жибек жолунун кубогуна арналган.