Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. 2-9-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында "Жибек жолу кубогу" эл аралык балдар шахмат турнири өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, спорттук иш-чара мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына карата уюштурулууда.
Мелдештин максаты жаштар арасында шахматты өнүктүрүү, таланттуу спортчуларды аныктоо жана алардын чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат.
Турнир ошондой эле эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, ар кайсы өлкөлөрдөн келген жаш шахматчылардын тажрыйба алмашуусуна жана достук байланышын бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Катышуучулар стратегиялык жана логикалык ой жүгүртүү боюнча өз чеберчилигин көрсөтүп, жеңиш үчүн күч сынашат.