Караколдо Япониянын маданият күндөрү өтөт

Маданият 6 октябрь 2026 17:50
Караколдо Япониянын маданият күндөрү өтөт

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Каракол шаарында 9-10-октябрда Япониянын маданият күндөрүнө арналган маданий иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында жапондун салттуу барабанчыларынан турган “Ооэдодайко” тобунун концерти өтүп, жапон маданиятына арналган бир катар иш-чаралар уюштурулат.

9-октябрда “Толкун” маданий-эстетикалык борборунда “Ооэдодайко” тобунун “Суши Бармак” тобу менен биргелешкен концерти өтөт.

10-октябрда Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 1-корпусунда Жапон маданиятынын күнү өткөрүлөт. Анын алкагында концерттик программа тартууланат. Анда “Ооэдодайко” тобу, Кыргызстандын кэндо, дзюдо жана айкидо федерациялары, “Суши Бармак” тобу жана башка катышуучулар өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Ошондой эле япон маданиятына арналган мастер-класстар жана спорттук көрсөтүүлөр уюштурулат. Катышуучулар жапон каллиграфиясы, юката кийүү, оригами жасоо сыяктуу өнөрлөр менен тааныша алышат.

Бардык иш-чараларга кирүү акысыз.

Белгилей кетсек, иш-чаралар элчилик, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы кеңсеси жана Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору (KRJC) уюштурулуп жатат. Иш-чарага Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети жана “Толкун” маданий-эстетикалык борбору колдоо көрсөтөт.