Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Каракол шаарындагы Кашка-Суу кичи районунда эл аралык талаптарга жооп берген заманбап спорт комплексинин курулушу жүрүүдө.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 12 гектар аянтта спорт интернаты, көп функционалдуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулат.
"Учурда курулуш иштери графикке ылайык жүргүзүлүп, жер казуу иштеринин негизги бөлүгү аяктады. Азыр пайдубал курууга жана темир-бетон конструкцияларын орнотууга даярдык иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.
Жаңы спорт комплекси спортчуларды даярдоого, окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө жана эл аралык мелдештерди уюштурууга шарт түзөт. Курулуш иштери "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.