Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Каракол шаарында жүрүп жаткан бир катар курулуш объекттериндеги иштер менен таанышты.
Министрликтен билдиришкендей, учурда Кашка-Суу кичи районунда жалпы аянты 12 гектарды түзгөн спорттук шаарча курулууда. Долбоордун алкагында 275 орундуу интернат, спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулуп жатат.
Мындан тышкары, Каракол шаардык тарыхый музейи республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, реконструкцияланууда. Учурда үч корпустан турган музей имаратынын ички бөлүгү толугу менен жаңыланып, инженердик тармактары алмаштырылууда. .
Ошондой эле министр Каракол шаарынын борбордук сейил багындагы реконструкция иштерин дагы текшерди.
Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык иштерди курулуш ченемдерине, техникалык талаптарга жана бекитилген долбоордук чечимдерге ылайык жүргүзүүнү тапшырды.