Каракол зоопаркы эл аралык сыйлыкка көрсөтүлдү

Аймак Загрузка... 27 Январь 2025
WhatsApp Image 2025-01-27 at 12.55.24.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Кыргызстандагы Каракол зоопаркы “Менин мээримдүү жана керектүү жаныбарым 2024” (Мой ласковый и нужный зверь 2024) эл аралык сыйлыгынын “Алар үчүн жооптуу..." (В ответе за тех…) номинациясына талапкер болду.

Зоопарк жапайы жаныбарларды өлүмдөн сактап калуу аракеттери менен белгилүү. Анын кызматкерлери зоопарктын тургундарына, анын ичинде сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарларга кам көрүү, дарылоо жана реабилитациялоо иштерин жүргүзүшөт.

Сыйлык 2019-жылы Россиянын Зеленоград шаарынын администрациясы тарабынан негизделген. Быйылкы номинанттар арасында жапайы жаратылышты сактоого салым кошкон ар кайсы өлкөлөрдөн кайрымдуулук уюмдары, волонтерлор жана жаныбарларды коргоо уюмдары бар. Ал эми экинчи номинациясы "Биздин бир туугандар" (Братья наши) аталышында болуп, ага ит, мышык, жарганат, бегемот жана питон көрсөтүлгөн.