Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Ак-Суу районундагы "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркында туристтерди ташыган "Урал" үлгүсүндөгү унаа Каракол суусунан өтүп жатканда агып, таштарга такалып калган.
ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя болгон жерге Каракол шаардык №15 өзүнчө куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, экскаватордун жардамы менен унаадагы 1964-жылы туулган эркек жана 1985-жылы туулган аялды аман-эсен куткарып калышкан. Алардын абалы туруктуу.
Ал эми сууда калган унааларды туристтик компания өз күчү жана атайын техниканын жардамы менен чыгарарын билдирген.