Кара-Жыгачтагы суу маселеси чечилет. Президент тапшырма берди

Кара-Жыгачтагы суу маселеси чечилет. Президент тапшырма берди

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Кара-Жыгач конушунун тургундары ичүүчү сууга муктаж. Бул тууралуу мамлекет башчысы Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушкан учурда белгилүү болду.

Конуштун тургунунун айтымында, мурда “АРИС” программасынын алкагында орнотулган суу эсептегичтер жана түтүктөр иштен чыгып, суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Конуш эки жылдай гана ичүүчү суу менен камсыз болуп, андан кийин суу маселеси чечилбей келет.

Буга карата Садыр Жапаров бир кезде аталган программанын алкагында долбоорлор башаламан ишке ашырылганын белгилеп, маселени чечүү боюнча тиешелүү министрликке тапшырма берди.