Кара-Суунун Кыргызстан айылында 46 жылдан кийин жаңы мектеп курулууда

Загрузка... 04 Февраль 2025 17:19
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Кара-Суу районунун Кыргызстан айылында 275 орундуу мектеп курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып баштаган.

Долбоор боюнча мектеп заманбап эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залынан турат. Негизги окуу класстарынан тышкары, биология, химия, физика сабактарынан кабинеттер жана компьютердик класс каралган. Ошондой эле, конференц-зал жана кыздар менен балдар үчүн эмгек сабагы үчүн кабинеттери бар.

Объекттин жалпы аянты 2478 чарчы метрди түзөт. Учурда мектептин курулушу 70%га бүттү.

Эске салсак, эски мектептин биринчи имараты 1979-жылы малчылар үчүн турак жай катары курулган. Кийин 1985-жылы бала бакча багытында кошумча корпусу салынып, мектеп катары колдонулган.