Кара-Сууда "Мурас" социалдык шаарчасынын курулушу кызуу жүрүп жатат

Загрузка... 31 Январь 2025 09:21
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында "Мурас" социалдык шаарчасын куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ош облусунун башчысы Элчибек Дантаев курулуш иштеринен кабар алып, куруучуларды сапатына тыкыр көңүл бурууга чакырды.

Көп кабаттуу үйлөр курулуп бүтсө жарандарга ипотекалык негизде берилет.

Белгилей кетсек, буга чейин “Мурас” социалдык шаарчасын куруу боюнча эскиздик долбоор Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.

Учурда долбоордун негизинде шаар куруу иштери башталып, жумуш кызуу жүрүп жатат.