Кара-Суу районунун Кең-Сай айылында 120 орундуу бала бакча курулууда

Аймак 907 25 Февраль 2025 09:00
480578867_1140419384223776_7338567679037664683_n.jpg
480799127_1140419370890444_1350160793011335849_n.jpg
480887345_1140419390890442_6719041259730260509_n.jpg
Алдыга
Артка
480578867_1140419384223776_7338567679037664683_n.jpg
480799127_1140419370890444_1350160793011335849_n.jpg
480887345_1140419390890442_6719041259730260509_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Кара-Суу районунун Кең-Сай айылында 120 орундуу бала бакча курулууда.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги бала бакчанын курулушун ушул жылы аяктоону пландаштырууда.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 76,6 млн сомду түзөт.

Долбоорго ылайык, бала бакчанын имараты эки кабаттан туруп, 120 орунга ылайыкталган. Анда балдардын тарбияланып, билим алуусу үчүн бардык заманбап шарттар түзүлүп, окуу топтору, оюн жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети, кабыл алуу бөлүмү каралган.

Бул объект Кең-Сай айылында курулуп жаткан алгачкы бала бакча болуп саналат. Анын ачылышы балдардын мектепке чейинки билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүп, аймактын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот.