Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Кара-Кулжада мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ош облусунун Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кара-Кулжа айылында жайгашкан айыл чарба багытындагы 12,5 га жер тилкеси жеке тараптардын менчигине берилип кеткендиги аныкталган.
Прокуратура тарабынан сотко келтирилген доо арыздын натыйжасы менен 4 млн 983 миң сомдук 12,5 га жер тилке муниципалдык менчике кайтарылды.