Бишкек, 23.05.25. /Кабар/. Бүгүн Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагындагы Маматали Матиев атындагы жаңы спорт зал ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Жаңы спорт зал республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы тендердик баасы 18 млн 645 миң 388 сомду түздү. Курулуш жана жасалгалоо иштери толук бүткөрүлүп, имарат пайдаланууга берилди.
Белгиленгендей, иш-чарага президенттин өкүлү Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаты Улан Пиримов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
"Учурда Ош облусунда социалдык жана өндүрүштүк маанидеги объектилер күн сайын колдонууга берилүүдө. Кечээ эле министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда бир катар маанилүү объектилер ачылды.
Бүгүн Кара-Гүз айыл аймагында заманбап спорт залдын пайдаланууга берилгени — бул дагы бир кубанычтуу жаңылык. Аймактагы жаштар үчүн спорт менен машыгууга шарт түзүлүп, алар ден соолугун чыңдап, терс көрүнүштөрдөн алыс болушат", - деди облус башчысы.