Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

Коом Загрузка... 12 Март 2026 11:20
651030429_968174592535440_1395700741568040056_n.jpg
copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 11-мартта саат 12:20да Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө У.В. аттуу жаран үйүндө П.А. аттуу күйөөсүн өлтүргөнүн кабарлаган.

Бул факт боюнча окуя болгон дарекке дароо ыкчам-тергөө тобу чыккан.

Такталгандай, жубайлар спирт ичимдигин ичип отуруп, ортолорунда пикир келишпестик чыккан. Кемсинтүүлөргө кыжыры келген аял күйөөсүнүн мойнуна бычак шилтеген. Жабыркаган киши алган жаракаттардан улам көз жумган.

Окуя болгон күндүн эртеси У.В. 102 кызматына кабар бергени аныкталды.

Милиция тиешелүү экспертизаларды дайындады. Ал эми 58 жаштагы шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.