Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Бүгүн, 31-январда «Ынтымак ордодо» президенттин иш башкармалыгыны башчысы Каныбек Туманбаев санариптештирүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү.
Ведомстводон билдиришкендей, жыйында Туманбаев санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы экенин белгилеп, бул процесс коррупцияны жоюунун эффективдүү куралы жана бюрократияны кыскартып, элдин жашоосун жеңилдетүүчү негизги инструмент экенин айтты.
Жыйында берилген негизги тапшырмалар:
- 1-мартка чейин президенттин иш башкармалыгына караштуу бардык ведомстволук уюмдар санариптештирүүгө өтүп, документ жүгүртүү толугу менен электрондук форматка өткөрүлүшү керек;
- Мамлекеттик кызмат мекемеси Санарип өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте “Түндүк” мобилдик тиркемесин жакшыртып, ага жаңы функцияларды жана кошумча санарип документтерди киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышы керек.
Мындан сырткары, мамлекеттик органдардын санариптик трансформациялоо жаатындагы өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу жана мекемелердин кызматташуусун бекемдөө зарылдыгы белгиленди.
Жыйындын соңунда Каныбек Туманбаев аталган тапшырмалардын аткарылышын жеке көзөмөлгө аларын белгилеп, санариптик реформаларды тездетүү үчүн конкреттүү чаралар көрүлөрүн билдирди.