Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Акыркы күндөрү журналистика деген атка жамынган айрым адамдардын жалган жалаа жабуу, манипуляция жана чындыкты бурмалоо аракеттери көбөйдү. Бул тууралуу КР президентинин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагыбаракчасына жазды.
Анын айтымында, Болот Темиров дагы бир жолу негизсиз, далилсиз билдирүүлөрдү таратып, коомчулукту адаштырууга аракет кылыптыр.
Анын акыркы “иликтөө” деп жарыялаган калпында президент Садыр Жапаров мурда мамлекеттик Ипотекалык компанияга өткөрүп берген үйүн кайра жакындары аркылуу өзүнө кайтарып алган деген калп маалымат берилди.
"Чындыгында президент бул үйдү мамлекеттик Ипотекалык компанияга өткөрүп бергенден кийин, атайын комиссия түзүлүп, үй 2022-жылы эле ачык аукцион аркылуу сатылган экен. Президент үйүн компанияга өткөрүп бергенден кийин, Мамлекеттик ипотекалык компания бул үйдү кимге сатат, өздөрү билет – бул алардын мыйзам чегиндеги чечими. Төмөндө документтер турат, ачык аукцион аркылуу сатылганы тууралуу документтер турат. Эң башкысы сатуудан түшкөн каражат Мамлекеттик ипотекалык компаниясына түшүп, ал элге берилип жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна жумшалган.
Болот Темиров, коомчулукту атайын адаштырып, такталбаган маалымат таратууну качан токтотосуз? Журналистиканын негизги принциптеринин бири – тактык жана калыстык. Бирок сиз күн алыс жалган маалымат чыгарып, өз ишенимдүүлүгүңүздү толук жоготтуңуз. Калптын да чеги болот го?! Мамлекетте жасалып жаткан жакшы иштерди көзүңүз көрөбү же, өмүр боюу кастык тигип, жамандык издеп, жалган каралоолорду уюштуруп өтөсүзбү?", - деди ал.