Кантта мурда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

Загрузка... 27 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Кант шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаны мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 1998-жылы 1,07 гектар аянтты ээлеген бала бакча, анын ичинен 14 сотых имараттын астындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен менчиктештирилип кеткени аныкталган.

УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздиги көйгөйүн эске алуу менен аталган комплекс максаттуу багыты боюнча пайдаланылуусу үчүн, башкача айтканда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу максатында Кант шаарынын мэриясынын муниципалитетинин балансына өткөрүлүп берилди.

УКМК органдары тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген Мамлекеттик мүлктү мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.