Бишкек, 04.02.25. / Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззаковадан кабар аллы.
Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, ал төрага Нурланбек Тургунбек уулунун атынан жардам катары 100 миң сом тапшырды.
“Исхак Раззаков Кыргызстандын өнүгүшүнө жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына зор салымын кошкон белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер. Анын өмүр жолу ар бир кыргызстандыкка, айрыкча мамлекеттик жана саясий иштерде эмгектенип жаткан жарандарга үлгү”, – деген депутат залкардын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталарын белгиледи.
Ошондой эле эл өкүлү Камила Талиева Элмира Раззаковага ден соолук каалап, өзү ала барган белектерин да берди.
“Улуу инсандын урпагы саналган сиздей эжелерибиз менен сыймыктанабыз. Жогорку Кеңештин депутаттары, анын ичинен Төрагабыз да майрам учурунда гана эмес, дайыма сизге колдоо көрсөтүп, жардам берүүгө даяр”, – деди Камила Талиева.
Өз кезегинде Элмира Раззакова жакында эле көзүнөн операция болгонун, учурда абалы жакшы экенин айтып, төрага баштаган Жогорку Кеңештин депутаттарына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Эскерте кетсек, өткөн жылы да Жогорку Кеңештин атынан Элмира Раззаковага каржылык жардам көрсөтүлгөн.