Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушундагы №86 мектептин 940 орундуу жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, мектептин курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталып, републикалык бюджеттен каржыланды. Жалпы аянты 1217 чарчы метрди түзгөн үч блоктуу имарат Курулуш министрлиги тарабынан курулду.
Жаңы корпуста окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы, эмгек кабинеттер жана спорт залы каралган. Ошондой эле мектеп заманбап инженердик системалар менен жабдылып, жаңы эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар, заманбап окуу жабдуулары менен камсыздалган.
Жаңы окуу корпусунун пайдаланууга берилиши Калыс-Ордо конушундагы окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу билим алуу шарттарын түзүүгө өбөлгө түзөт.