Калыс-Ордо конушунда 650 орундуу жаңы мектеп курулду

Коом 22 сентябрь 2026 12:00
WhatsApp Image 2026-09-22 at 12.00.59 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 12.00.59 (3).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-22 at 12.00.59 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 12.00.59 (3).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы №86 мектепке 650 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу аяктады.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, мектептин курулушу 2026-жылдын март айында башталган. Долбоорго ылайык, жаңы корпус үч блоктон туруп, жалпы аянты 1217 чарчы метрди түзөт.

Имаратта окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы, эмгек кабинеттер жана спорт залы каралган.