Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агентигинин жаңылыктарын социалдык тармактарда жайылтууда жасалма интеллект колдонулууда.
Акыркы эки айдан бери агенттиктин сайтындагы кыргыз тилиндеги маалыматтарды жасалма интеллект аркылуу иштелип чыккан атайын алып баруучу сунуштап келет. Санариптик алып баруучу маанилүү кабарларды видео форматта иштеп чыгып, коомчулукка ыкчам жеткирүүдө.
Бул демилге заман талабына ылайык, маалымат айдыңын санариптештирүү жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү алкагында ишке ашырылууда. Агенттиктин планына ылайык, жакынкы арада орус тилиндеги жаңылыктарды да жасалма интеллекттин жардамы менен даярдоо колго алынмакчы.
Белгилей кетсек, жасалма интеллектти колдонуу маалыматты таратуу процессин тездетип, аудитория менен болгон байланышты жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган.