Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Иштебеген юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин каттоосун мажбурлап жокко чыгаруу жол-жобосун жүргүзүү уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул иш-чаранын алкагында Салык кызматынын расмий сайтында иштебеген юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин жаңы тизмеси жарыяланды.
Аталган тизмеде жалпы 21 миң 584 салык төлөөчү бар. Анын 8 712син юридикалык жак жана 12 миң 872син жеке ишкер түзөт.
Эми аймактык салык органдарына 30 календардык күн өткөндөн кийин юридикалык жактарды мажбурлап жоюу жана жеке ишкерлердин каттоосун жокко чыгаруу жол-жобосун баштоого мүмкүндүк берилет.
“Бул мөөнөт ичинде кредиторлор жана башка кызыкдар тараптар, тиешелүү негиздери же талаш маселелери жаралган учурда мажбурлап жоюу же каттоодон чыгаруу жол-жобосун токтотуу боюнча арыз менен салык органдарына кайрылууга укуктуу”, - деп белгиленет маалыматта.
Салык төлөөчүлөр бул тизме менен sti.gov.kg сайтындагы “Башка бөлүмдөр” бөлүмүнөн же https://sti.gov.kg/section/0/tizme шилтемеси аркылуу тааныша алышат.