Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Социалдык контракт" программасынын алкагында ишкерлер менен биргеликте жумуш орундарын түзүү боюнча пилоттук долбоорду баштайт.
Долбоорго ылайык, ишкерлер расмий катталган бир жумушсуз жаранды жумушка орноштурганы үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каржылык колдоо алышат. Бир ишкер беш адамга чейин жумушка орноштуруп, 750 миң сомго чейин каражат ала алат. Бул каражатка ишкердикти өнүктүрүү үчүн жабдууларды жана техникаларды сатып алууга болот.
"Пилоттук долбоордун максаттары — чакан ишкердиктин өнүгүшүнө көмөктөшүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө түрткү берүү", - деп айтылат маалыматта.
Долбоор 12 айга эсептелип, Бишкек, Ош, Каракол шаарларында жана Кадамжай районунда ишке ашырылат. Ишкерлер жумушсуз жарандарды окутуп, эмгек мыйзамдарына ылайык расмий жумушка орноштурууга милдеттүү.
Катышууну каалаган ишкерлер айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистерине же министрликтин аймактык башкармалыктарына кайрыла алышат.