Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. “Учур” мамлекеттик жаштар театрынын легендарлуу “Бугу эне” спектакли 2025-жылдын 21-январынан 1-февралына чейин Тегеранда өтүүчү 43-Эл аралык “Фаджр” театралдык фестивалынын катышуучусу болду.
Аталган театрдан билдиришкендей, бул фестиваль Ирандагы ири маданий иш-чаралардын бири болуп саналат жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн алдыңкы театрларын бириктирет.
«Бугу эне» спектакли кыргыз элинин көчмөн турмушунун таасиринде калыптанган жаратылыштын кооздугун жана маданиятынын байлыгын чагылдырат. Спектакль көчмөн турмуштун духун жана сезимдерин чагылдырган салттуу музыкалык аспаптардын аркасында кайталангыс атмосфераны түзүп, адам менен курчап турган дүйнөнүн гармониясына басым жасайт.
Көрүүчүлөрдүн өтүнүчү боюнча спектакль 23-январда Тегерандын Самандариян залында эки жолу көрсөтүлдү. Спектакль коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, чыгармачыл жамааты колдоо үчүн Иранда жашаган кыргыздар да келишкен.