Бишкек, 30.10.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкекте инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердикти жана инвесторлорду коргоо чаралары боюнча улуттук диалог болуп өттү.
Иш-чарада президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Башкы прокуратура жана бизнес-ассоциациялар ортосундагы өз ара кызматташуу боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюлду. Документ мамлекеттик органдар менен ишкердик коомчулугунун ишенимдүү өнөктөштүгүн чыңдоого багытталат.
Иш-чаранын жүрүшүндө инвестицияларды жана ишкер чөйрөнү коргоону камсыздоо, ошондой эле алардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө өз учурунда чара көрүү маселелерин чечүү жагы жабык талкууланып, бул боюнча укуктук практиканы өркүндөтүү боюнча сунуштар каралды.
Иш-чара президенттин жарлыгы менен бекитилген «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» (Уңгу жол) доктринасынын жана «Инвестициялар жөнүндө» мыйзамдын алкагында уюштурулду.
Ачык диалог Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн туруктуу жана алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон шарттарды түзүүгө, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө болот.