Инспекторлордун билими жогорулайт. Жарандык авиация агенттиги JAA Training Organisation менен келишимге кол койду

Коом Загрузка... 14 Февраль 2025 16:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен Европа өлкөлөрүнүн алдыңкы окуу борборлорунун бири болгон JAA Training Organisation (JAA TO) келишимге кол койду. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, бул келишимге Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) 2025-жылга карата Глобалдык колдоо симпозиумунун алкагында кол коюлду.

Документтин негизинде агенттиктин инспекторлорунун билим деңгээлин жогорулатуу жана алардын квалификациясын ИКАО жана Европа авиациялык коопсуздук агенттигинин (EASA) эл аралык стандарттарына ылайык арттыруу каралган.

JAA TO дүйнөдөгү эң ири авиациялык окуу борбору болуп эсептелет. Бул борбордо Turkish Airlines, Lufthansa, Qatar Airways, KLM Airlines сыяктуу ири авиакомпаниялардын кызматкерлери жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн авиация тармагында эмгектенген адистер билим алышат.

Ошондой эле JAA TO Европа Биримдигинде Эл аралык жарандык авиация уюму (ICAO) тарабынан таанылган жана EASAнын Виртуалдык академиясынын (EVA) алдыңкы мүчөсү болуп саналган жалгыз Платина статусундагы Окуу борбору (TCE) катары белгилүү.