Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов Индиянын жаңы дайындалган элчиси Бирендер Сингх Ядавдын ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды
Ведомстводон маалымдашкандай, Эркинов элчини Кыргызстандагы дипломатиялык кызматын башташы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгү Кыргызстан менен Индиянын стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоого өзгөчө салым кошоруна ишенимин билдирип, министрлик тараптан ага ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.
Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлардын динамикасын жогорулатуу зарылдыгын баса белгилешти. Өзгөчө соода, инвестиция, фармацевтика, кен өндүрүү, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана банк кызматтары жаатында өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө көңүл бурулду.
Тараптар ошондой эле 2021-жылы кол коюлган Гранттык жардам боюнча Меморандумдун алкагында Кыргызстанда социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган социалдык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолушту.
Жолугушуунун соңунда соода-экономикалык чөйрөдө, анын ичинде эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү аркылуу кызматташууну чыңдоого макулдашышты.