Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин делегациясы Мароккодо өткөн жол коопсуздугу боюнча төртүнчү глобалдык конференцияга катышты.
Ведомтсвонун маалыматына ылайык, Марокконун Марракеш шаарында Жол коопсуздугу боюнча төртүнчү глобалдык конференция өтүүдө. Эл аралык иш-чара БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан жарыяланган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча экинчи он жылдыктын (2011-2030-жылдар) аралык жыйынтыгын чыгаруу үчүн негизги аянтча болуп калды.
Конференция ар кайсы өлкөлөрдүн катышуучуларына тажрыйба алмашууга, жетишилген натыйжаларды жана орун алган көйгөйлөрдү талкуулоого жана жол коопсуздугун жакшыртуу боюнча мындан аркы кадамдарды аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Белгиленгендей, конференцияга 193 өлкөдөн 2,5 миңдей делегат, анын ичинде мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, илимий коомчулуктун жана массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышууда.
Эске салсак, Кыргызстандын делегациясын ички иштер министринин орун басары, Октябрь Урмамбетов жетектеп барган. Делегациянын курамында Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары жана кызматкерлери да бар.