Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу "Бишкек Арена" стадионуна көрүүчүлөр үчүн бир катар буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, стадионго тамеки, IQOS, насвай, сагыз, сырттан алып келинген тамак-аш жана суусундуктар, айнек бөтөлкө, банка, көлөмдүү рюкзак, сумка жана чемодандарды алып кирүүгө болбойт.
Ошондой эле курал-жарак, учтуу жана кесүүчү буюмдар, пиротехника, аэрозолдук жана газ баллондору, дрондор, уруксаты жок кесиптик видеокамералар, радиостанциялар жана башка кооптуу буюмдарга тыюу салынат. Музыкалык аспаптарды, ышкырык, мегафон сыяктуу катуу үн чыгаруучу каражаттарды да стадионго алып кирүүгө жол берилбейт.
"Тыюу салынган буюмдар стадионго кире бериште текшерилет", - деген ИИМ көрүүчүлөрдү иш-чарага өз убагында келип, коопсуздук кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга жана коомдук тартипти сактоого чакырды.
Ошондой эле ДКО-2026 жана башка мамлекеттик иш-чараларга байланыштуу Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым жол тилкелеринде убактылуу чектөөлөр киргизилери эскертилди. Жарандарга сапарларын алдын ала пландаштыруу сунушталат.