Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. ИДПнын көлөмү жыл аягына чейин 1 трлн 779 млрд сомду түзөт деп божомолдонууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев минкабдын кезектеги жыйынында билдирди.
Адылбек Касымалиевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 10 айында ИДПнын өсүшү 10% түзгөн.
“Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөнүн алдыңкы 3 өлкөнүн катарына кирди, буга чейин 9% өсүү темпи менен алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирген. Бюджеттик мыйзамда бекитилген ИДПнын көлөмү 1 трлн 624 млрд сом болсо, он айдын жыйынтыгы боюнча 1 трлн 427 млрд 359 млн сомду түздү. Ал эми жылдын аягына чейин 1 трлн 779 млрд сомду түзөт деп божомолдонду, же бекитилгенден 155,6 млрд сомго көп болот”, - деп белгиледи ал.
Касымалиев кошумчалагандай, экономиканын бардык тармактарында өсүү катталды.
“Булардын ичинде курулуштагы жылдык өсүүлөр орточо 42,8%ды түзгөнүн белгилөөгө болот. ИДПнын адам башына бөлүнүшү 2025-жылы бекитилгени 2616 доллар болсо, жылдын жыйынтыгы менен 2770 долларды түзөт деп болжолдонуп жатат (+154 долл). Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2025-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын алтын-валюта резервдери дээрлик 8 млрд долларга жетти (7 млрд 955,10 млн долл), 2024-жылдын октябрына салыштырмалуу – 3 млрд 20,34 млн долларга өстү”, - деди ал.