Бишкек, 10.01.26. /Кабар/. Улуу Британияны каптаган “Горетти” бороону он миңдеген адамдарды электр энергиясыз калтырып, жолдордун жабылышына, аэропорттордун ишин үзгүлтүккө учурашына, авиациялык жана темир жол каттамдарынын токтотулушуна алып келгендигин ТАСС агенттиги жазды.
Королдуктун бирдиктүү энергетикалык тутумунун оператору — National Grid компаниясынын маалыматына ылайык, Англия менен Уэльсте 64 миң үй чарбасы жарыксыз калды. Алардын көпчүлүгү Англиянын түштүк-батышында жайгашкан - 47 593 үй чарбасы.
Шотландияда 250гө жакын мектеп аба ырайына байланыштуу иштеген жок. Жума күнү Борбордук Англия менен Уэльстеги ондогон окуу жайлар да жабык болгондугу кабарланды.
Катуу шамал жана кардын жаашы транспорт кыймылында үзгүлтүктөрдү жаратты. Лондондогу Хитроу аэропорту негизинен кыска аралыктагы 50дөн ашык каттамдын токтотулганын билдирди. 8-январда катуу кар жаагандыктан ишин токтоткон Бирмингем аэропорту азыр каттамдарды кабыл алып, жөнөтүүдө.
Ал эми Англиянын айрым аймактары акыркы он жылдагы эң катуу кардын жаашына туш болушууда. Синоптиктер кээ бир аймактарда кар күрткүлөрүнүн бийиктиги 30 сантиметрге жетерин болжолдошууда. Аймактык темир жол кызматтары мүмкүн болгон үзгүлтүктөр тууралуу эскертип, калкты мүмкүн болушунча сапарларга чыкпоого чакырышты.
Ушул жагдайда Улуу Британиянын метеорологиялык кызматы өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө "сары деңгээлдеги" коркунуч жарыялап, королдуктун түндүгүндө, батышында жана борбордук бөлүгүндө кар жаашы жана муз катмарынын пайда болушу, ал эми түштүк-чыгышы менен түштүк-батышында катуу жаан-чачын болушу мүмкүн экенин эскертти.