Гүлсүнкан Жунушалиева Жогорку Кеңештин депутаты болду

Жогорку Кеңеш 18 февраль 2025 16:26
Гүлсүнкан Жунушалиева Жогорку Кеңештин депутаты болду
copyright icon Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Боршайком “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинде турган Гүлсүнкан Жунушалиевага Жогорку Кеңештин мандатын тапшырды.

БШКдан билдиришкендей, Гүлсүнкан Жунушалиевага күбөлүк жана төш белги берилди.

Белгилей кетсек, бүгүн БШК Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда арызынын негизинде токтоткон болчу.