Борбор Азияны кыдырган эл аралык туристтик поезд Кыргызстанга келди

Туризм 06 Апрель 2026 16:24
662870059_1256442076697625_4427209428389606647_n.jpg
662511464_1256442230030943_7120434552026041558_n.jpg
667245991_1256442153364284_2105386476875863410_n.jpg
662741676_1256442113364288_4557702012183848622_n.jpg
662308568_1256442166697616_4509852230992748813_n.jpg
666972353_1256442116697621_84464923768457389_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелде Борбор Азиянын беш өлкөсү аркылуу жүргөн Германиянын "Lernidee Erlebnisreisen GmbH" туроператорунун эл аралык туристтик поезди "Бишкек-2" темир жол бекетине келди. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12 вагондон турган поезд менен Батыш Европа, Түндүк Америка жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн 60тан ашык турист келди.

Алар темир жол бекетинен музыкалык ансамблдин коштоосунда тосуп алынып, кыргыз элинин салттуу кол өнөрчүлүк буюмдары көрсөтүлдү. Аталган иш-чара Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен биргеликте уюштурулду.

"Кыргыз темир жолу" ишканасы туристтик поезддин өлкө аймагындагы кыймыл графигинин так сакталышын, ошондой эле жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылууда.

Мындай деңгээлдеги эл аралык туристтик поезддин келиши Кыргызстанды коопсуз, меймандос жана темир жол туризми үчүн жагымдуу өлкө катары таанытууга өбөлгө түзөт.