Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду 2026-жылкы дүйнө чемпионаты анын карьерасындагы акыркы турнир болорун расмий түрдө билдирди.
Футболчу бул тууралуу пресс-конференцияда айтып, дүйнө чемпионатынан максималдуу ырахат алуу керек экенин белгиледи.
"Бул менин акыркы дүйнө чемпионатым болот. Андан ырахат алуу керек", — деди ал.
Ал буга чейин дүйнө чемпионатына 6 жолу катышып, бул көрсөткүч боюнча аргентиналык чабуулчу Лионель Месси менен теңтайлашып келет. Ошондой эле Роналду дүйнө чемпионаттарынын алтысында тең гол киргизген тарыхтагы жалгыз оюнчу болуп саналат.
Бүгүн Португалия курамасы 1/8 финалдын алкагында Испанияга каршы ойнойт. Беттеш Далласта өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.