Футбол: Франция дүйнөлүк чемпионаттын 1/8 финалына өттү

Спорт 1 июль 2026 09:20
Футбол: Франция дүйнөлүк чемпионаттын 1/8 финалына өттү

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Франция курама командасы Швецияны 3:0 эсебинде жеңип, 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын 1/16 турунан ишенимдүү өттү, деп билдирет Sports.kz сайты.

Маалыматка ылайык, француздар биринчи таймда эсепти ачышты. 45-мүнөттө бурчтан чыгарууда Килиан Мбаппе айып аянтчасындагы топко биринчи болуп жетип, таамай сокку менен командасына алдыга алып чыкты.

Андан кийин 53-мүнөттө Майкл Олисе мүмкүнчүлүктү пайдаланып эсепти 2:0 кылды.

74-мүнөттө акыркы эсеп аныкталды. Анда Мбаппе экинчи голун киргизип, эсепти 3:0го айландырды. Бул гол француз капитанынын быйылкы дүйнөлүк чемпионаттагы алтынчысы жана жалпысынан 18-голу болду.

Бул жеңиш менен Франция 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын 1/8 финалына чыгып, анда Парагвай менен беттешет.