Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору 19-июлда саат 21:00дө Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалын борбордук Ала-Тоо аянтында чоң экрандан көрө алышат.
Мэриянын маалыматына ылайык, финалдык оюнду көрүү үчүн аянтка жогорку сапаттагы чоң LED-экран жана заманбап үн жабдуулары орнотулат.
Түз көрсөтүү башталганга чейин кызыктуу маданий-көңүл ачуучу программа даярдалган. Сахнада Ulukmanapo, Jax 02.14, Freeman 996, Бегиш, Баястан, Бек Борбиев, Ния, Афток жана белгилүү диджейлер өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Мындан тышкары интерактивдүү аянтчалар, кызыктуу сынактар, баалуу белектердин ойнотулушу, ошондой эле түрдүү тамак-аштар жана сергитүүчү суусундуктар сунушталган фуд-корт уюштурулат.
Ошондой эле Кыргыз футбол биримдигинин колдоосу менен "Шоро" компаниясы уюштурган "Legend Fan Festival" масштабдуу фан-зонасынын расмий ачылышы болот.
Буга байланыштуу саат 19:00дөн баштап Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн Чүй проспектисинен Эмгек даңкы аянтына чейин унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды борбордук аянтка келип, жылдын эң башкы чемпионатын бирге көрүүгө чакырат.