Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалы аяктап жатат

Спорт Загрузка... 07 Июль 2026 17:25
2060221044_0_211_2748_1758_1920x1080_80_0_0_cfe051f796998dfcaf3d37377b8b5abe.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Бүгүн кечинде АКШ, Канада жана Мексика биргеликте өткөрүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалы акыркы эки оюн менен аяктайт.

Адегенде дүйнөнүн акыркы чемпиону Аргентина менен Египеттин курама командалары кездешет. "Атланта" стадионунда өтө турган беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Ал эми 8-июлга караган түнү Швейцария курамасы Колумбия командасы менен күч сынашат. Ванкувердеги "BC Place" стадионунда өтүүчү оюн саат 02:00дө башталат. Ушуну менен чейрек финалга чыга турган акыркы жуп белгилүү болот.

Буга чейин чейрек финалга Марокко, Франция, Англия, Норвегия, Испания жана Бельгиянын курама командалары жолдомо алышкан.

Дүйнө чемпионаты 19-июлда аяктайт.