Футбол боюнча дүйнө чемпионаты АКШга канча киреше алып келди?

Коом 7 сентябрь 2026 09:35
Футбол боюнча дүйнө чемпионаты АКШга канча киреше алып келди?
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты АКШнын экономикасына 18 млрд доллардан ашык киреше алып келди. Бул тууралуу Казинформ Informsports.kz сайтына шилтеме берип кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдагы ФИФАнын дүйнөлүк чемпионаты 160 миңден ашык жумуш орундарын түздү. Чемпионат учурунда улуттук парктар 78 млн конок кабыл алган. Дагы миллиондогон адамдар өлкөгө учак менен учуп келишти.

Белгилей кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өттү.

АКШ 78 беттеш өткөрдү, анын ичинде Нью-Жерсидеги “Метлайф” стадионундагы финалдык беттеш да бар.