Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө Борбор Азияда биринчи жолу уюштурулган суудагы "Формула-1" боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, тарыхка кайрыла турган болсок, Советтер союзунун мезгилинде мындай мелдештер биринчи жолу Ленинградда (азыркы Санкт-Петербург) өткөрүлгөн. 1986-жылы өткөн дүйнө чемпионаты СССРдеги эң белгилүү спорттук окуялардын бири катары саналган. Кийинчерек бул мелдеш Казань шаарында да өткөрүлгөн.
"Быйыл чемпионат Борбор Азияда биринчи жолу өттү. Суудагы "Формула-1" этабынын расмий ачылыш аземине төрт мамлекеттин лидерлери — Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, ошондой эле Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери катышты", - деп белгиледи мамлекеттик агенттиктин жетекчиси.
Эдуард Кубатов ошондой эле мелдешке дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн 18 күчтүү пилот катышканын белгиледи. Мындан тышкары, Кыргызстанга "Формула-1" эл аралык федерациясынын 300гө жакын өкүлү келген.
"Мелдештин трансляциясы 44 эл аралык платформада көрсөтүлдү. Учурда биз талдоо жүргүзүп жатабыз. Адатта, дүйнө чемпионаттарынын түз эфирлеринин аудиториясы 300 миллиондон 800 миллионго чейин адамды түзөт. 44 эл аралык платформада көрсөтүлүшү чоң натыйжа. Социалдык тармактардагы камтуу азыртадан эле 200 миллиондон ашты. Менин жеке баракчамдагы жарыя 1 миллиондон ашык көрүү топтоду. Ал эми Кыргызстандын өзүндө мелдеш үч күндүн ичинде толугу менен түз эфирде көрсөтүлдү", — деди Кубатов.