Ысык-Көл, 01.08.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө суудагы “Формула-1” мелдешинин ачылыш аземи өттү. Анда флайборд менен асманга көтөрүлгөн кыз Кыргызстандын желегин желбиретти.
Чемпионатка бир катар өлкөлөрдүн спортчулары катышууда. Ошондой эле иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери ардактуу конок катары күбө болушту.
Эртең, 2-августта мелдештин негизги этабы өтөт. Анда чемпионаттын жеңүүчүлөрү аныкталат.
Белгилей кетсек, 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө Борбор Азияда биринчи жолу F1H2O боюнча дүйнөлүк чемпионаты өтүүдө.