Финляндияда саз футболу боюнча дүйнөлүк чемпионат өттү

Спорт Загрузка... 13 Июль 2026 11:05
1783790600437445591.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Финляндиянын Хюрюнсалми шаарында саз футболу боюнча 25-дүйнөлүк чемпионат болуп өттү.

АЗЕРТАДЖ билдиргендей, мелдешке 128 команда катышып, алар өздөрүнүн оюну менен гана эмес, өзгөчө ачык түстөгү костюмдары, фирмалык символдору жана социалдык тармактардагы активдүүлүгү менен да таң калтырууга аракет кылышты.

Турнирдин башкы катышуучуларынын бири Пирканмаа аймагынан чемпионатка алгачкы жолу келген "Mansen huikkapojat" командасы болду.

Оюнчулар бул сапарга өзгөчө даярдык менен келишкен — өздөрүнө жеке автобус сатып алып, фирмалык стилди иштеп чыгышкан жана өз алдына дүйнө чемпионатын жеңүү сыяктуу чоң максат коюшкан. Оюндар оңой эмес шарттарда өтүп, саздуу талаалардын тереңдиги ар кандай болгондуктан, оюнчуларга түз эле ылай менен сууну кечип өтүүгө туура келди.

"Биринчи оюнда белибизге чейин сазга батсак, экинчисинде бир аз үстү менен жыла алдык", — деп бөлүштү катышуучулар.

Уюштуруучулардын белгилешинче, саз футболу спорттун, юмордун жана өзгөчө таасирлердин сүйүүчүлөрүн бириктирип, Финляндиядагы эң адаттан тыш спорттук мелдештердин бири бойдон калууда.

Оюндар аяктагандан кийин катышуучуларды жана күйөрмандарды чемпионаттын салттуу бөлүгү болуп калган майрамдык программа күтүп алды.