Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Финансы министрлиги мамлекеттик органдарында коррупцияны жоюу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында Финансылык коопсуздук бөлүмүн түзгөн.
Ведостводон маалымдашкандай, аталган бөлүмдүн иши Финансы министрлигинин түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган.
"Айтылганды эске алуу менен опузалап акча каражаттарын, белектерди талап кылуу, Финансы министрлигинин кайсы бир бөлүмүнүн компетенциясына кирген маселелерди жана мыйзамдарда каралбаган башка кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн кароону, негизсиз создуктуруу фактыларына туш болгон бардык жарандардан 0312-625313 телефону боюнча Финансылык коопсуздук бөлүмүнө кайрылууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.