Мамлекеттик кызматтын ысык-суугун көрдүм. Финансы министринин орун басары кызматтан кеткенин айтты

Коом Загрузка... 05 Февраль 2025 18:51
IMG_1690.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков кызматтан кеткенин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал 18 жыл аталган тармакта иштеп, эмгек жолун жөнөкөй иш кагаздарын жүргүзүүчү адистен баштап, ар бир тепкичти өтүп министрдин орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн.

“Артка бир кылчайып карасам, окуу жайды аяктагандан кийин Улуттук университетинде Экономика багыты боюнча мугалим болуп, кийин 2006-жылы ноябрда Финансы министрлигинин босогосун аттап, алгач стажер катары иштеп баштаган элем. Андан бери 18 жыл өтүптүр. Ушул жылдар аралыгында аталган министрликте баа жеткис тажрыйба топтодум. Мамлекеттик кызматтын ысык-суугун көрдүм, ал эми ушул убакыт өз кезегинде мени чыныгы кесипкөй адис катары тарбиялады, чыйралтты. Анткени эмгек жолумду аталган мекемеде эң жөнөкөй иш кагаздарын жүргүзүүчү адистен баштап, ар бир тепкичти өтүп министрдин орун басарлыгына чейин көтөрүлдүм. Билинбей үч жарым жыл ушул позицияда иш алып барыптырмын.

Албетте, Финансы министрлигиндеги карьерам дал ушундай жол менен калыптанганына абдан ыраазымын.

Ушул жылдар аралыгында мени менен иш алып барган командама, министрликтеги катардагы ар бир кызматкерге, жалпы административдик жамаатка, биз менен тыгыз иш алып барган эл аралык финансылык институттарга жана бардык мамлекеттик мекемелерге ыраазычылык айтам”,-деген ал.