Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. FIFA`нын башчысы Жанни Инфантино футбол боюнча дүйнө чемпионатынын катышуучуларынын санын 64 командага чейин көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу BILD басылмасына шилтеме берүү менен Казфинформ кабарлады.
Анын айтымында, бул маселе учурдагы турнир аяктагандан кийин талкууланат. Мундиалда ойноо мүмкүнчүлүгү дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген курама командаларга берилиши керек.
Бул демилге күтүүсүз болду, анткени учурдагы дүйнө чемпионаты мурунку 32 команданын ордуна алгачкы жолу 48 команданын катышуусунда өтүп жатат. Мындай формат турнир башталардан бир аз мурда гана бекитилген болчу.
Инфантинонун пикиринде, катышуучулардын санын көбөйтүү өзүн актады.
"Командалардын деңгээли жалпысынан абдан жогору экени жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча уламдан-улам өсүп жатканы көрүнүп турат", - деп билдирди FIFA`нын жетекчиси.
Ал ошондой эле көбүрөөк курама командалардын катышуусу чакан футбол өлкөлөрүнө улуттук курамаларын өнүктүрүүгө жана дүйнөлүк биринчиликке чыгуу үчүн күрөшүүгө кошумча мотивация берерин белгиледи.
Турнирдин 48 катышуучуга чейин кеңейтилиши буга чейин эле 1/16 финалдык этаптын пайда болушуна алып келген, ал эми оюндардын жалпы саны 104кө жетип, бул дүйнө чемпионаттары үчүн рекорддук көрсөткүч болуп калды.